Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү пландаштырылган 113 өнөр жай объектисин ишке ашыруу жана ишке киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар ишканалардын өз убагында ишке киришине тоскоол болгон көйгөйлүү маселелер кеңири талкууланды.
Атап айтканда, жер тилкелерин трансформациялоодогу кечигүүлөр, инженердик инфраструктураны (электр энергиясы, суу каналдары) тартуудагы кыйынчылыктар жана уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар тууралуу сөз болду.
Минкаб башчысы бул объектилерди ишке киргизүү өлкө экономикасы үчүн стратегиялык милдет болуп саналарын, анткени бул аймактарда миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыздап, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтөрүн баса белгиледи.
Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайрылып, ишкерлер менен иштөөдөгү ыкмаларды түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
"Инвесторго жардам жана аны коштоо бардык этаптарда системалуу болушу керек — айыл өкмөтүнүн башчысынан баштап министрлер кабинетине чейин, жана бул 113 объектке гана тиешелүү эмес. Кыргызстанга капитал салгысы келген ар бир инвестор мамлекеттин реалдуу колдоосун сезиши керек. Жер-жерлерде "бири-бирине оодармай" болбошу керек жана мөөнөттөр создуктурулбашы керек. Эгерде инвестордун көйгөйү болсо — бул сиздин жеке көйгөйүңүз, аны сиз чечүүгө милдеттүүсүз", - деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы.
Ал кошумчалагандай, мамлекеттик машина инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча бирдиктүү механизм катары иштеши керек.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийликтерге 113 объекттин ар бири боюнча бардык тоскоолдуктарды кыска мөөнөттө жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, ишке киргизүү мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, жеке тартиптик жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.