Касымалиев Финансы министрлигинин электрондук аудит системасы менен таанышты

Министрлер кабинети Загрузка... 26 Май 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтуу программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жаңы электрондук аудит системасынын бет ачары менен таанышты. 

Бет ачардын жүрүшүндө финансы министри Руслан Сүйналиев бул IT-платформа 2026-жылдын 1-апрелинен тарта ишке киргизилгенин жана учурда пилоттук режимде ийгиликтүү иштеп жатканын маалымдады.

Белгиленгендей, ушул убакка чейин электрондук аудиттин алкагында бюджеттик уюмдардын 32 аудити жүргүзүлүп, анын 25и толугу менен аяктады. Жыйынтыгында 62,5 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды (2024-жылы 13,5 млн сом), ал эми командировкалык чыгымдарга 629 миң сом үнөмдөлдү. Санариптик платформаны киргизүү мамлекеттик аудиттин жол-жоболорунун жүз пайыз ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана адам факторун жок кылуу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган. 

Министр автоматташтыруунун негизги практикалык жетишкендиги текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтүнүн кыскарышы болгонун өзгөчө белгиледи.

"Эгерде мурда адистер бир аудитти жүргүзүүгө эки жумага чейин убакыт кетиришсе, азыр бардык процесстерди санариптик форматка өткөрүүнүн аркасында бул процедура үч күндөн ашпайт жана мурда кол менен жүргүзүлгөн бардык аудит процедуралары бүгүнкү күндө "Казына.Бюджет", "ББУ" маалыматтык системаларынын жана мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалымат базасын колдонуу менен объекттердин тизмесин түзүү процессинен баштап текшерүү актысын түзүүгө чейин автоматташтырылган", - деди ал.

Адылбек Касымалиев платформанын ишинин жыйынтыгын оң баалап, Финансы министрлигине көзөмөлдүн санариптик инструменттерин активдүү масштабдоо ишин улантууну тапшырды. 

Минкаб башчысы мамлекеттик аудиттин бардык этаптарын толук автоматташтыруу мамлекеттик ресурстарды жана убакытты үнөмдөп гана тим болбостон, мамлекеттик башкаруунун заманбап талаптарына толук жооп берген ачык-айкын, отчеттуу чөйрөнү түзөрүн баса белгиледи.