Касымалиев дарыгер жетишсиздигин жоюу жана аларды колдоо чаралары тууралуу айтып берди

Министрлер кабинети Загрузка... 21 Март 2026 20:35
4.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. КМШ алкагында 2026-жыл "Саламаттык сактоо жылы" деп жарыяланды. Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин жетишсиздигин чечүү жана аларды колдоо чараларына токтолду.

Касымалиевдин айтымында, буга чейин мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, кадр маселеси бир топ чечилсе, эми кезек дарыгерлерге келди.

"21-апрелден тарта социалдык чөйрө кызматкерлеринин, анын ичинде дарыгерлердин айлыгы орточо 100 пайызга жогорулайт. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаш, стажы жок адистердин айлыгы 1,6-1,7 эсеге чейин өсөт. Бул үчүн бюджетте каражаттар толугу менен каралган", - деди ал.

Ошондой эле минкаб башчысы белгилегендей, райондук өнүктүрүү фонддоруна аймактагы жаштарды медициналык окуу жайларда окутуп, чыгымдарын толук моюнга алуу тапшырмасы берилди. Окууну бүткөн адистер кайра өз районуна келип иштөөсү шарт.

"Мындан тышкары, мурдагы "Жаш дарыгердин депозити" программасындагы "жаш" деген чектөө алып салынды. Эми бул программа "Дарыгердин депозити" деп аталып, бардык тийиштүү адистерге колдоо көрсөтүлөт", - деди ал.

Минкаб төрагасы белгилегендей, бул чаралар алыскы райондордогу дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуга жана медицина тармагынын деңгээлин көтөрүүгө багытталган.