Каржылоо, көйгөйлөр жана перспективалар. Улуттук онкология борборунун директору менен маек

Маек Загрузка... 31 Июль 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборуна 10 млн 141 миң 165 сом бөлдү. Мындай чечим бейтаптарга жайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун арттыруу максатында кабыл алынды.

"Кабар" агенттиги Улуттук онкология борборунун директору Нурбек Букуев менен бөлүнгөн каражатты пайдалануу пландары, маанилүү жабдууларды калыбына келтирүү иштери жана дарыгерлердин аракети жана мамлекеттин колдоосу борбордун өнүгүүсүнө жана байтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга кандайча жардам берип жаткандыгы тууралуу маектешти.

– Мамлекет Улуттук онкология жана гематология борборуна 10 млн сом бөлүп берди. Бул каражаттар кандай муктаждыктарга жана көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат?

– Азыр президент жана өкмөттүн колдоосунун аркасында онкологияга көп көңүл бурулуп жатат, бул абдан жакшы көрүнүш. Буга чейин медицина тармагына азыркыдай көңүл бурулбай келген. Тармакка олуттуу суммалар бөлүнүп жатат. Ал эми бизге бөлүнгөн 10 миллионго келсек, чынында эле маалымат бар. Бирок, бул акча бизге качан жетет, азырынча так айта албайбыз. Кайсы эсептен келип, кандай максатта колдонуларын билбейбиз, ошондуктан так жооп бере албайбыз.

photo_2022-06-02_18-02-59.width-800.jpg

– Ушул каржылоонун эсебинен учурдагы айрым маселелерди толук же жарым-жартылай чечүүгө мүмкүн болобу?

– Тилекке каршы жок. 10 млн сом онкология үчүн өтө чоң сумма эмес. Жакында өкмөт Улуттук онкология борборунун эсебине ири суммадагы каражат которду. Бул акча эң негизги жабдууларды оңдоого жана жаңылоого кеткен. Бөлүнгөн каражатка айрым жабдыктарды оңдоп, айрымдарын толук алмаштырууну пландап жатабыз. Ал эми бул 10 млн сом дары-дармек же жабдууларды сатып алууга кетсе, ал дагы эле аздык кылат. Мисалы, былтыр шишикке каршы дары-дармектер жана химиотерапия үчүн эле 2,5 млрд сомго жакын каражат керек болгон. Президент тарабынан бөлүнгөн чоң сумманын аркасында биз бейтаптардын 40%пайызга жакынын кымбат баалуу дары-дармектер менен камсыздай алабыз. Дары-дармектерди сатып алуу уланууда.

3091120.width-800.png

– Азыр ооруканада дарыланып жаткан бейтаптар үчүн зарыл болгон дары-дармектер жетиштүүбү?

– Учурда дары-дармек менен камсыздоо төмөндөгүдөй: "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы бар, алардын аркасы менен дары-дармектер толук болбосо да келе баштады. Азыр эң керектүү дары-дармектердин бир бөлүгүн алып бүттүк. Жакында тизмедеги бардык дары-дармектер келет деп күтүп жатабыз, андан кийин аларды бардык муктаж болгон бейтаптарга бекер бере алабыз.

– Маалыматка караганда, маанилүү медициналык жабдуулардын бири иштен чыгыптыр. Сөз кайсы жабдуу жөнүндө болуп жатат ? Аны калыбына келтирүүгө мүмкүнбү? Же жаңысын алыш керекпи?

– Бизде Кыргызстан боюнча эки гана линиялык тездеткич бар. Экөө тең "Кумтөр" компаниясынын колдоосу менен сатып алынган. Кандай гана техника болбосун, анын иштөө мөөнөтү болот, биздин тездеткичтерибиздин иштөө мөөнөтү бүтүп баратат. Демек, алардын бузулушу табигый процесс. Биз тобокелдиктердин алдын алууга аракет кылганбыз, бирок, тилекке каршы, бардыгын алдын ала көрүү мүмкүн эмес экен, ошентип эки тездеткич тең иштебей калды.

Азыр Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ушундай жабдууларды оңдоп-түзөө менен алектенген Кыргызстанда каттоодон өткөн компания менен келишим түздүк. Каражат бөлүнүп, биринчи тездеткичти оңдоо үчүн зарыл болгон тетиктерди алып келүүгө макулдаштык. Экинчи тездеткичке Региондорду өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү да киришип, бизден маалымат чогултуп, азыр тетиктерди жеткирүү боюнча дагы бир компания менен келишим даярдалып жатат. Ошентип эки тездеткичти тең болжол менен бир убакта оңдоо пландалууда. Биринчи тездеткичти оңдоого 1,2 млн сом, ал эми экинчисине 1,9 млн сом талап кылынат.

2022-01-02_12-22-46_923217.width-800.jpg

– Дарылоону натыйжалуу жүргүзүү үчүн борбор заманбап жабдуулар менен кандай деңгээлде камсыздалган жана дагы эмне өзгөчө зарыл болуп жатат?

– Азыр биз базалык жабдыктарды өзүбүздүн күчүбүз менен сатып алып жатабыз. Кийинки жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жаңы линиялык тездеткичтерди жана кошумча диагностикалык жабдууларды сатып алуу зарылдыгы боюнча өкмөткө сунуш киргиздик. Бул дарылоонун сапатын жогорулатуу жана биздин мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн өзгөчө маанилүү.

– Онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоонун сапатын жогорулатуу үчүн борбор кандай кадамдарды жасап жатат?

– Бизде дарылоо ыкмалары же жабдыктарыбыздын баары начар деп айта албайбыз, бирок, албетте, артта калган, бир нерсе жетишпей калган учурлар болот. Бирок, биздин негизги күчүбүз адистерибиз. Биздин борбордо абдан тажрыйбалуу дарыгерлер иштейт. Дүйнөдө жасалган операциялардын дээрлик бардык түрлөрүн жасайбыз, анын ичинде эндоскопиялык жана лапароскопиялык операциялар. Ошондуктан Кыргызстанда онкология начар абалда деп айтуу туура эмес. Биз артта калбай, мындан ары дагы өнүгүүгө аракет кылып жатабыз. Президент, өкмөт жана министрликтин колдоосу менен мындан да чоң ийгиликтерге жетишебиз деп ишенем.

– Кадр маселеси кандай? Адистер, өзгөчө жаш дарыгерлер жетиштүүбү?

– Жакында биз Россиядан окуп келген эки адисти ишке алдык. Аларды жумуш орду менен камсыз кылдык, жаш экенине карабай жакшы дарыгерлердин катарына кирди. Азыр борбордо операцияларды ийгиликтүү жасап, ишке чоң салым кошуп жатышат. Жалпысынан биздин эмгек жамаатыбыз күчтүү, эл аралык конференцияларда жыйынтыктарыбызды көрсөтсөк бизди мактап калышат, Кыргызстанда онкологиялык борбор бир топ жакшы өнүккөн экен, ал жакта абдан квалификациялуу дарыгерлер иштеп жатат дешет.