12-январда саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна жүргүзүлгөн көчмө текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме өттү.
Кеңешмеде текшерүүнүн жыйынтыктары талкууланып, аталган медициналык мекемелерде бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталгандыгы айтылган. Жыйынтыгында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директорлору кызматтан алынды.

“Жабдуулар иштебей туруп калса, процесстер уюштурулбаса, ал эми өлүм көрсөткүчү өсүп жатса - бул техника маселеси эмес, ишке болгон мамиле. Бул сиздердин абийириңиздерде”,- деген кеңешме учурунда министр.

Аткарылбаган талаптардын катарында төмөндөгүлөр бар:
- ангиографиялык жабдуулардын колдонулбай турушу;
- коронароангиографиянын кеч жүргүзүлүшү;
- реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын сутка бою жеткиликсиз болушу;
- бейтаптарды туура маршрутташтыруунун жоктугу;
- дарыгерлер аралык консилиумдардын өткөрүлбөшү;
- техникалык мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, эл аралык стандарттарда “алтын стандарт” саналган тери аркылуу коронардык кийлигишүүнүн (ТАКК) толук колдонулбашы;
- ангиограф бар шартта тромболизис ыкмасынын колдонулушу;
- дары-дармек жана медициналык жабдууларды сатып алууда коррупциялык тобокелдиктердин болушу;
- кымбат медициналык жабдуулардын тиешелүү шартта сакталбаганы.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев билдиргендей, жабдуулардын туура эмес колдонулушу, протоколдордун сакталбашы, тромболизис дарысынын керексиз пайдаланылышы жана кадр маселелериндеги кемчиликтер өлкөдөгү кардиологиялык жардамдын сапатына терс таасир эткен. Ал ошондой эле жабдуулар бейтаптарга кызмат кылышы керектигин, заманбап технологияларды киргизүү жана кадрларды үйрөтүү маселелерин тез арада чечүү зарыл экенин белгилейт.

Анын айтымында, жабдуулар дайыма даяр жана бейтаптарга толук кызмат кылып, протоколдор так сакталышы зарыл.
“Көчмө текшерүү иштеринин алкагында биз ондон ашуун ооруканага бардык. Айрымдарынын акыбалы өтө оор. Ал эми эки борбордо болгон окуя жөнүндө айта турган болсок, дарылоодон баштап, материалдык-техникалык базага чейин эреже бузуулар абдан көп катталган. Анын ичинде сарпталуучу материалдар, кымбат инструменттер кампада курулуш материалдары менен аралашып калганы абдан туура эмес. Жүрөк-кан тамыр оорусу менен жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптардын кан басымы, сатурациясы, жүрөгүнүн согушу сыяктуу гемодинамикалык көрсөткүчтөрү 24 саат көзөмөлдө болушу керек. Биринчиден, бул нерселер протоколго ылайык жасалган эмес. Ошондой эле жандандыруу бөлүмүндө УДИ аппараттары ар дайым жеткиликтүү болушу зарыл. Кандайдыр бир кыйчалыш учурлар болуп кеткенде дарыгерлер аны колдоно алгыдай болушу керек. 5-10 мүнөттүн ичинде кабыл алынган чечим адам өмүрүнө таасир этет. Ошондуктан, өкмөт алып берген жаңы жабдуулар кабинетте бекилип турбашы керек”,-деди ал.

Орун басар ошондой эле президенттин тапшырмасы аткарылбай, уюштуруу иштери туура жүргүзүлбөй, жабдууларды чаң басып, тромболизис дарысы зарылдыгы жок жерде колдонулуп келгендигин белгиледи.
“Өткөн жылдын 8-майында президент барып УДИ койгула деген тапшырмасын берген. Текшерүү жүргүзүлбөгөн күндө дагы дүйнө жүзүндө мындай стандарт протокол бар. Жабдуулар жандандыруу бөлүмүндө турушу кажет. Андан сырткары, жүрөк-кан тамыр ооруларынын дарылоосу бат-баттан алмашууда. Төштү кеспей минималдуу жолдор менен жасалган операциялар киргизилиши керек. Ал акыркы 2-3 жылда чоң бейтаптарга жасалган эмес.

Айта кетүүчү нерсе, жабдуулар бейтапка кызмат кылышы керек. Биздин талап – жетекчилик кызматтагылар дарылоого гана эмес, уюштуруу, кадр маселесине дагы жооп берет. Илим жагынан алганда дагы он жылдын ичинде макалалар жазылып, илим жакталган эмес. Жаңы технологиялар да киргизилген эмес.
Текшерүүнүн жүрүшүндө биз бир бейтаптан сурасак, ал тогузунчу күн ооруканада жаткан. Негизи эл аралык стандарт боюнча ага жаткандын эртеси күнү эле диагноз коюлуп, консилиум дары-дармек менен дарылоо, стенд коюу же операция жасоо деген чечимди кабыл алышы керек эле. Ал адам Манас шаарынан байма-бай каттоого мажбур болгон.
Мыйзам бузуулар катталды. Бирок, биздин урматтуу профессорлорду биз эч качан медицинадан кет деп айтпайбыз. Өзүнүн тажрыйбасын жаштарга өткөрүп берип, жанында кеңешчи болуу дүйнө жүзүндө бар тажрыйба. Бирине пульмонологияны билген адам катары бул жаатты андан ары алып кетүүнү сунуштадык. Экинчи жетекчинин кардиохирургиядагы скальпелин эч ким талашкан жок.

Тромболизис деген дары ангиограф жок учурда керектелет. Бишкек шаарында ал бар болгондуктан, дароо стенд коюлушу зарыл. Бул эл аралык протокол. Ал эми мисалы, аймактарда ангиограф жок болсо аталган дарыны колдонсо болот. Акыркы эки жылдын ичинде бул дары колдонулуп келе жаткан. Эми токтотулду. Негизи эле инфаркт алган адамга анын зарылдыгы жок.
Бүтүндөй системаны алмаштыруу зарыл. Заманбап, өз убагында жардам көрсөтүү менен жаш, тажрыйбалуу, билимдүү кадрларыбызды иштетишибиз керек.
Жабдууларды алганда дароо кадрды үйрөтүү оң. Себеби, биз аларды алабыз, бирок иштеткен киши жок. Медициналык шаарча курулат деп жатабыз. Ал биринчиден туура салынып, экинчиден сапаттуу жабдуулар алынып, ага кадларды даярдаганыбыз туура болот”,-деди Кадыралиев.