Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. Россиялык кардиолог Сергей Васильев кан басымы көп көтөрүлүп турган же “артериалдык гипертензия” диагнозу коюлган адамдарга сунушталган жашоо эрежелери тууралуу айтып бергенин Известия басылмасы жазды.
Анда белгиленгендей, кардиологдун айтымында, артериалдык гипертензия — бул олуттуу оорулардын бири болуп, ал инфаркт, инсульт, көрүүнүн начарлашы жана бөйрөк жетишсиздиги сыяктуу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле ал төмөндөгүдөй бир нече маанилүү эрежелерди санады:
- Кан басымды көзөмөлдөө. 40 жаштан өткөн эркектер жана 50 жаштан өткөн аялдар үзгүлтүксүз түрдө кан басымын текшерип турушу керек. Эгер көрсөткүч 140/90дан жогору болсо, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Убагында кайрылуу, тобокелдик факторлорун аныктоо жана дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу өтө маанилүү.
- Туура тамактануу. Тамак рационуна мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, дан азыктарын жана балыктын түрлөрүн көбүрөөк колдонуу сунушталат. Ал эми туздуу жана майлуу азыктарды колдонуу чектелиши керек.
- Кыймыл. Сейилдөө, сууда сүзүү жана йога сыяктуу жеңил кыймыл-аракеттер жүрөк-кан тамыр системасын чыңдап, кан басымды түшүрүүгө жардам берет.
- Стрессти көзөмөлдөө. Психологиялык чыңалуулар кан басымды ого бетер жогорулатат. Ошондуктан эс алуу, релаксация ыкмаларын колдонуу жана ашыкча тынчсыздануудан качуу маанилүү.
- Салмакты көзөмөлдөө. Артыкча салмак жүрөккө кошумча күч келтирет, ошондуктан салмакты нормада кармоо керек.
- Зыяндуу адаттардан баш тартуу. Алкоголдук ичимдиктерди азайтуу жана тамеки чегүүдөн баш тартуу да гипертониянын алдын алууда чоң мааниге ээ. Мындан тышкары, жетиштүү уйку (күнүнө 7–8 саат) жана эс алуу режими сакталууга тийиш.
- Дарыгер жазып берген дарыларды үзгүлтүксүз кабыл алуу. Эгер врач дары-дармек сунуштаса, аны өз алдынча өзгөртпөстөн, белгиленген дозада үзгүлтүксүз ичүү зарыл.