Кардиохирургия институтунда өрт чыккан күнү иштеген дарыгерлер сыйланды

Коом 11 Март 2025 10:14
1092007510_0_120_12.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
482251339_668295942264444_2108602807061661751_n.jpg
482273854_668296058931099_2359669376486135697_n.jpg
483366626_668296722264366_4845935778411020368_n.jpg
482250311_668296642264374_643817112432399494_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Күн мурун Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн медицина кызматкерлерин Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.

Ведомстводон билдиришкендей, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун ошол күнү нөөмөттө турган кызматкерлери, ошондой эле Улуттук кардиология жана терапия борборунун медицина кызматкерлери сыйланышты.

Белгиленгендей, алар 11-февралда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун имаратында чыккан өрт кырсыгында бейтаптарды эвакуациялоого жана тез медициналык жардам көрсөтүүгө катышып, жогорку жоопкерчиликти жана берилгендикти көрсөтүшкөн.

"Саламаттык сактоо министрлиги бул адистердин эмгегин жогору баалап, аларга терең ыраазычылык билдирет".-деп айтылат маалыматта.