Кардиохирург инфаркттан сактануунун үч негизги эрежесин айтты

Ден соолук Загрузка... 11 Февраль 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-02-11 at 15.37.16.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Кардиохирург Нурлан Мамбетказиев "Биринчи радионун” “Радиоклиника” берүүсүндө инфаркттан сактануунун үч негизги эрежеси тууралуу айтып берди.

Анын айтымында инфаркт миокарда оорусунан сактануу үчүн адамдар үч негизги эрежени карманышы керек.

“Көкүрөктүн ачышып оорушу – бул инфаркттын алгачкы белгиси болушу мүмкүн. Ошондой эле адамга дем жетпей демигип, жүрөгүү оорушу ыктымал. Бул учурда ал кыймыл-аракетти токтотуп, мисалы, басып баратса дароо токтоп, тез жардам чакыруусу зарыл. Инфаркт өтө олуттуу оору. Бул учурду өткөрүп жиберүүнүн аягы жаман аякташы мүмкүн.
Негизи эле адам бул илдеттен өзүн сактоо үчүн дайыма кыймыл-аракетте болуу, туура тамактануу жана медициналык көзөмөлдөн өтүп туруу деген үч негизги эрежени сактаганы туура”,-деди дарыгер.