Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунда жапайы жаныбарлар менен канаттуулардын жашоо өзгөчөлүктөрүн жана таралышын изилдөө үчүн фотокапкандар колдонулууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, фотокапкандардын жардамы менен коруктун аймагындагы жаныбарлардын жана канаттуулардын бир катар түрлөрү катталып, алардын арасында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү түрлөр бар экени аныкталууда.
Алынган фото жана видеоматериалдар жаныбарлардын санын, таралышын жана ички миграция жолдорун узак мөөнөттүү көзөмөлдөөгө, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча чараларды пландаштырууга жардам берет.
Мындан тышкары, Чатыр-Көл жана Соң-Көл Борбор Азиядагы сууда сүзүүчү жана суу-саздак жерлерде жашаган канаттуулардын көптөгөн түрлөрү көбөйүп, жашоо циклинин маанилүү мезгилин өткөргөн аймактардын катарына кирет.