Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Ош облусундагы "Карамык" жана "Эркечтам" карантиндик фитосанитардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө көзөмөл күчөтүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көзөмөл учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиш, жашылча, картошка, үрөн, көчөт жана башка өсүмдүк продукциялары аныкталууда.
"Мыйзам талаптарына жооп бербеген жүктөр жана кол жүктөр белгиленген тартипте артка кайтарылууда. Көзөмөл карантиндик зыяндуу организмдердин өлкө аймагына киришине жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.