Караколдун Челпек аймагында жаңы бокс залы ачылды

Спорт 5 октябрь 2026 11:10
IMG_8299.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 07.23.30.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8299.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 07.23.30.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Каракол шаарынын Челпек аймагында жаштар үчүн жаңы бокс залы ачылды. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, спорт залында балдар жана өспүрүмдөр бокс менен машыгып, спорттук чеберчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат. Машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө керектүү шарттар түзүлүп, тиешелүү жабдуулар орнотулган.

Мындан тышкары, жаңы спорттук жайдын ачылышынан кийин аймактагы карыяларга арналган иш-чара уюштурулду. Аларга сый тамак берилип, концерттик программа тартууланды.