Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы "Асыл" спорт комплексинде жаш мушкерлер үчүн жаңы бокс залы ачылды.
Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы бокс залы жаш спортчулардын машыгуусуна шарт түзүп, райондо бокс спортун өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Талас облусунда спорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мындай долбоорлор жаштардын спорт менен машыгуусуна жана алардын талантын өркүндөтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.