Караколдогу завод: Таштандыдан плитка, щетка жана түтүктөр өндүрүлүүдө

Аймак Загрузка... 29 Май 2026 13:30
pererabotka_mu.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өткөн "Ысык-Көлдүн акваториясын сактоо боюнча улуттук саясат" аттуу тегерек үстөлдүн алкагында Каракол шаардык "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Бердибек Мамбеталиев таштандыларды кайра иштетүү тутумун өнүктүрүүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чараларын күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

c5e7c180-3ccd-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү негизги экологиялык көйгөйлөрдүн бири турмуш-тиричилик таштандыларынын көлөмүнүн өсүшү болуп саналат. Өзгөчө жаратылышка олуттуу зыян келтирген полиэтилен пакеттери, пластик буюмдары жана желим бөтөлкөлөр чоң коркунуч туудурат.

Бердибек Мамбеталиев полиэтилен пакеттери табигый шартта 100-200 жылга чейин, ал эми кээ бир пластик буюмдары менен желим бөтөлкөлөрү 400-500 жыл бою толук чирибей турганын белгиледи. Алар топуракты, сууну жана абаны булгап, жаратылышка терс таасирин тийгизет. Мындан сырткары, бул калдыктар жаныбарлар менен адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирип, экологиялык баланстын бузулушуна алып келет.

Ал ушундай экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу, таштандыларды кайра иштетүү жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында атайын таштанды кайра иштетүүчү завод ишке киргизилгенин баса белгиледи.

93dd5e54-3731-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Анын айтымында, бул долбоор "Өнүгүү чекити" демилгесинин алкагында ишке ашкан. 2022-жылы республикалык бюджеттен 135 млн сом каражат бөлүнүп, анын негизинде 2024-жылы Беларустун "Сифания Экотехника" компаниясы тарабынан таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулуп, пайдаланууга берилген.

Ишкана эки негизги бөлүмдөн – иргөө жана кайра иштетүү блокторунан турат. Заводдо 30 жумушчу орун түзүлүп, бул жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылууга жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошууда.

"Заводдун негизги максаты – узак убакытка чейин чирибей, экологияга олуттуу зыян келтирген таштандыларды кайра иштетүү аркылуу айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо. Полигондун аймагында жайгашкан сорттоо бөлүмү күн сайын шаардан чыккан турмуш-тиричилик калдыктарын кабыл алып, аларды түрлөрү боюнча: желим бөтөлкө, полиэтилен пакет, кагаз, металл, айнек, пластиктин ар кандай түрлөрү жана органикалык калдыктар деп бөлүп чыгат", – деди ал.

Мындан сырткары, Мамбеталиев сорттолгон материалдар кайра иштетүү бөлүмүнө жөнөтүлөрүн, ал жерде алты өндүрүш линиясы иштеп жатканын түшүндүрдү.

Алар:

  1. көчө шыпыруучу машиналар үчүн щеткаларды чыгаруу;
  2. желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү;
  3. полимердик түтүктөрдү өндүрүү;
  4. полимердик гранулаларды чыгаруу;
  5. полиэтилен калдыктарын жууп-тазалоо;
  6. полимер-кум аралашмасынан буюмдарды жасоо линиялары.

Ишкана башчысы белгилегендей, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайра иштетилген продукцияны жана чийки затты сатуудан түшкөн жалпы киреше 15 млн 236 миң 300 сомду түздү. Жалпысынан сорттоо бөлүмүнө 2303,2 тонна таштанды келип түшүп, андан кайра иштетүүгө жарамдуу 201,9 тонна чийки зат алынган.

Анын айтымында, 57,1 тонна кайра иштетилген чийки заттан төмөнкүдөй даяр продукциялар өндүрүлдү:

  • 34 057 даана – щетка;
  • 1650 даана – тротуар плиткасы;
  • 321 даана – пластик бордюр;
  • 300 метр – диаметри 63 мм болгон түтүк;
  • 10 000 метр – диаметри 16-25 мм болгон өндүрүш буюмдары.