Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Түп районунда жалпы баасы 163 млн 945 миң сомду түзгөн эс алуу лагери 6 гектар жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзулгөн. Анда 2008-жылы Ысык-Көл айыл аймагындагы Түп мамлекеттик атайын чарбасына таандык эс алуу лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында мүлктүк комплекс жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Прокуратура социалдык багыттагы объекттер менчиктештирүүгө жатпай турганын белгилеп, мындай объекттерди мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүү фактыларын аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.