Караколдо заманбап музей жана жаңыланган сейил бак ачылды

Министрлер кабинети 22 Август 2026 10:42
IMG_6145.jpeg
IMG_6144.jpeg
IMG_6146.jpeg
IMG_6147.jpeg
IMG_6148.jpeg
IMG_6149.jpeg
IMG_6150.jpeg
IMG_6153.jpeg
IMG_6152.jpeg
IMG_6151.jpeg
IMG_6156.jpeg
IMG_6155.jpeg
IMG_6154.jpeg
IMG_6159.jpeg
IMG_6158.jpeg
IMG_6157.jpeg
IMG_6160.jpeg
IMG_6161.jpeg
IMG_6162.jpeg
IMG_6165.jpeg
IMG_6164.jpeg
IMG_6163.jpeg
IMG_6168.jpeg
IMG_6167.jpeg
IMG_6166.jpeg
IMG_6169.jpeg
IMG_6170.jpeg
IMG_6171.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6145.jpeg
IMG_6144.jpeg
IMG_6146.jpeg
IMG_6147.jpeg
IMG_6148.jpeg
IMG_6149.jpeg
IMG_6150.jpeg
IMG_6153.jpeg
IMG_6152.jpeg
IMG_6151.jpeg
IMG_6156.jpeg
IMG_6155.jpeg
IMG_6154.jpeg
IMG_6159.jpeg
IMG_6158.jpeg
IMG_6157.jpeg
IMG_6160.jpeg
IMG_6161.jpeg
IMG_6162.jpeg
IMG_6165.jpeg
IMG_6164.jpeg
IMG_6163.jpeg
IMG_6168.jpeg
IMG_6167.jpeg
IMG_6166.jpeg
IMG_6169.jpeg
IMG_6170.jpeg
IMG_6171.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарында тарыхый музейдин жана эс алуу жайынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Алгач минкаб төрагасы Каракол шаарынын Тарых-аймак таануу музейинин реконструкциядан кийинки ачылышына катышты. Объектти комплекстүү жаңыртуу, имараттын архитектуралык келбетин жакшыртуу, инженердик тармактарды модернизациялоо жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерине республикалык бюджеттен 159 млн сом каралган.

Музейде археологиялык табылгалар, этнография буюмдары, курал-жарактар, улуттук зер буюмдар жана сүрөттөрдү камтыган 14 миңге жакын экспонат сакталып, аймактын тарыхын кеңири баяндайт. Имарат XIX кылымдын аягындагы архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактап калган.

Ошондой эле Каракол шаарынын А.С. Пушкин атындагы жаңыланган эс алуу жайынын ачылышы болду. Анда Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү жана шаарларды көрктөндүрүү саясаты ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

“Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатат. 2026-жылдын январь–июль айларында ички дүң продукт 11,1%га өсүп, 1 трлн 172,7 млрд сомду түздү. Негизги капиталга инвестициялар 59%га өссө, курулуш тармагындагы өсүш 60,6%га жетти. Караколдо акыркы жылдары ички жолдордун 50%дан ашыгы реконструкцияланды. Караколдун инфраструктурасын бүгүнкү күнгө гана эмес, келечекке эсептеп өнүктүрүшүбүз керек”, — деди Адылбек Касымалиев.

Заманбап жашыл аймактары, балдар аянтчалары бар жаңыланган сейил бакты ишке киргизүүгө 450 млн сом жумшалган.