Караколдо терезе чыгарган завод куруу пландалууда

Аймак Загрузка... 14 Февраль 2025 14:48
copyright icon МЖӨ борборунун маалымат кызматы

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Каракол шаардык мэриясы терезе заводун курууга жеке өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыялайт.

МЖӨ борборунун маалыматы боюнча, мэрия бардык кызыкдар тараптарды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча сынакка катышууга чакырат.

Сынакка катышуу үчүн квалификацияларды берүү өтүнүчү тууралуу маалыматты МЖӨ борборунун www.ppp.gov.kg сайтынын “Сынактар” бөлүмүнөн тапса болот.

Квалификациялык тандоого арызы бар конверт, ага тиркелген документтер менен Каракол шаардык мэриясы, К.Тыныстанов көчөсү 21 же почта аркылуу 2025-жылдын 24-февралында саат 18:00го чейин кабыл алынат.

Долбоор боюнча суроолор боюнча мэриянын 0552 464724 телефону, же МЖӨ борборунун 0705 211093 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.