Караколдо шаардык стадиондун ачылышы болду — сүрөт баян

Аймак 23 Май 2025 21:17
9e47f8eb-1892-47c5-9ed1-58d85a0b0771.jpeg
824e6c82-d1fc-450b-b4d1-c3c609c1f3d0.jpeg
39887df0-e8d2-4d22-8d6f-242ba2913555.jpeg
af37eb68-e453-4191-95b4-31c4c099e8ca.jpeg
8542e109-4b02-43ce-9acc-70b454e6fb91.jpeg
da32feac-bafb-44bd-85e4-0c4b89935127.jpeg
ca701745-c0d9-40ba-a70e-520c4c392e16.jpeg
8d62b6e7-1065-4084-8f2c-8c1fe9b2e9a5.jpeg
780eab2b-c2eb-4759-a4d2-0418315eeb5e.jpeg
451ec69a-f695-4979-a456-32c7c17e0e33.jpeg
9287da72-b541-4de4-99e0-ad1e6d2455b3.jpeg
ab3b9f09-3755-44fc-8d0e-07de9a0359e5.jpeg
8061f9e6-7b12-4c4a-a15b-032307fc6483.jpeg
f76dbde4-95ee-4210-8f99-b14fe1f10103.jpeg
63c2b872-b79a-4c7c-9859-2080eb2f7c86.jpeg
f1a36ac3-3b33-42a9-a2da-f1b61f5c6fd3.jpeg
e50c80f2-276e-494c-bb87-04b82f3e3eea.jpeg
7ecf42b5-7e7e-4dca-8ac8-3398b7e66a30.jpeg
cb6e87aa-7fed-409f-9d22-94be9aec8b13.jpeg
374f25f8-e0eb-4d99-836e-b59ec40097cc.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Каракол шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда толугу менен реконструкциядан өткөн шаардык стадиондун салтанаттуу ачылышы болду.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бул жөн гана оюн талаасы эмес, сергек жашоого үндөгөн заманбап мейкиндик экенин баса белгиледи. Анын айтымында, стадион ар кандай спорттук оюндарды, концерттерди жана башка элдердин башын бириктирген, коомдогу биримдикти, ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзүүчү жайга айланат.

Стадиондун ачылышында белгилүү аткаруучулар: Асылбек Өзүбеков, Керим Турапов, Нурлан Насип жана Каныкей өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Стадион Нагима Айтматова көчөсүндө жайгашкан. Анын жалпы аянты 7,04 гектарды түзөт. Заманбап стандарттарга ылайык курулган батыш трибунасы 3 миң 480 көрүүчүгө ылайыкталган.

Ичинде кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик жана функционалдык бөлмөлөр, VIP коноктор, ЖМК өкүлдөрү, операторлор, чиновниктер, калыстар үчүн бөлмөлөр жана VAR системасы бар.

Келечекте чыгыш стенди куруу пландалууда.

“Стадиондун негизги аянты гибриддик бетке ээ жана тегереги чуркоо жолдору менен курчалган. Мындан тышкары, спорт комплексинин аймагында жасалма бети бар эки машыгуучу аянтча курулган. Мекеме заманбап жарыктандыруу менен жабдылгандыктан, беттештерди кечинде өткөрүүгө шарт түзүлөт”, - дейт Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн директору Нурлан Жайнаков.

Ал ошондой эле стадион жергиликтүү калк арасында, өзгөчө жаштар арасында спортту жана сергек жашоону жайылтууга көмөктөшүп, өлкө чемпиондугунун оюндарын жана эл аралык турнирлерди өткөрүү үчүн аренага айланаарын белгиледи.

Жаңы стадион Кыргызстандын Жогорку Лигасында Каракол шаарынын атынан чыккан “Барс” футболдук клубунун үй аренасы болуп калат.