Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Каракол КМШ өлкөлөрү үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин эл аралык борборуна айланат. Шаарда баасы 150 миллион АКШ долларын түзгөн эл аралык медициналык кластерди куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Сапардын жүрүшүндө Касымалиевге Каракол шаарында эл аралык медициналык кластерди куруу долбоору тааныштырылды. Бул борбор КМШ жана чектеш мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин алдыңкы аймактык борбору болору күтүлүүдө.
Долбоор диагностиканын жана дарылоонун эң заманбап технологияларын киргизүүнү, онкология жана кардиология боюнча адистештирилген борборлорду түзүүнү, чет элдик алдыңкы адистерди тартууну, ошондой эле заманбап медициналык билим берүү жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүүнү камтыйт.
Долбоордун жалпы баасы 150 миллион доллар деп бааланууда. Медициналык кластер 510 орунга ылайыкташып, 750гө жакын жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.