Караколдо бут кийимимди жоготтум, бирок досторду таптым – вьетнамдык саякатчы менен маек

Маек Загрузка... 05 Сентябрь 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Тоолор аны саякатка чакырат, бейтааныш өлкөлөр анын мекенине айланат. Данангдан келген 28 жаштагы саякатчы Юй Кыргызстанга биринчи жолу келип, жаратылышы, ашканасы жана анын айтымында, "тоолордон да кооз" адамдар тууралуу алган таасирлери менен бөлүштү.

— Юй, өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз. Саякат кандай башталды жана эмне үчүн Кыргызстанды тандадыңыз?

— Мен 28 жаштамын, Вьетнамдын Дананг шаарынан болом. Тоолор мени чакырып жаткандай эле, дайыма тоолорду эңсей берем. Бир убакта мен жаңы чокуларды көргүм келгенин түшүндүм да интернеттен тоолуу өлкөлөрдү издей баштадым. Анан күтүлбөгөн жерден Кыргызстан чыкты. Тянь-Шандын, Ысык-Көлдүн, капчыгайлардын сүрөттөрүн карап: «Издеп жүргөнүм ушул экен» деп ойлодум. Ошентип, мен келүүнү чечтим.

— Кыргызстанга биринчи жолу келип жатасызбы? Алгачкы таасирлериңиз кандай болду?

— Ооба, бул биринчи жолу. Алгач Бишкекке келдим — шаар менен таанышуу үчүн ал жерде эки күн болдум. Анан Ала-Арчага барып, биринчи жолу чындап тоонун абасынан дем алдым. Андан кийин Караколго, Алтын-Арашанга бардым — ошондо менин чыныгы окуям башталды.

— Каракол жана Алтын-Арашан тууралуу так эмнеси менен эсиңизде калды?

— Каракол укмуштуудай шаар экен. Ал жактан маданият менен жаратылыштын гармониясын сезе аласың. Бирок Алтын-Арашанда жүрөгүм бир башкача сокту. Ысык булактар, тоолор, дарыялар, карагайлардын жыты... Баары биригип, башка дүйнөгө киргендей сезилет. Мен жөн гана тоолорду аралап эле тим болбостон, бийик чокуларга чыккым келгенин түшүндүм. Менин альпинизмге болгон кыялым ошол жерден жаралган. Эми мен үйгө барып, бир-эки жыл машыгып, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Ленин чокусун багындырам деп жатам.

— Жети миңдик чокубузду багындыруу укмуштуу кыял! Айтсаңыз, жалгыз саякаттоо оңой эмес. Маршрутуңузду кантип пландайсыз?

— Мен дайыма жалгыз саякаттайм. Бул эркиндик берет. Көбүнчө мен YouTube жана TikTok колдоном. Ал жерде блогерлер тигил же бул жерге кантип жетүү керек экенин майда-чүйдөсүнө чейин айтып беришет. Бул жеке онлайн гиддер сыяктуу. Албетте, кыйынчылыктар бар, бирок саякаттын даамы ушундай. Жалгыз барганда адамдар менен көбүрөөк баарлашасың, дүйнөгө көбүрөөк ишенесиң.

— Сапарыңызда күтүлбөгөн окуялар болдубу?

— Ооба, Караколдо эсимден кетпей турган окуя болду. Мен бут кийимимди жоготуп алдым. Элестетиңиз: бөтөн өлкө, тоолор, күтүлбөгөн жерден жылаңайлак калдыңыз. Бирок жергиликтүүлөр мени кыйынчылыкта калтырышкан жок — алар мага бут кийим беришти, үйлөрүнө чакырышты, даамдуу тамактарды беришти. Бул укмуш болду. Бул жердегилер жөн эле жардам бербестен, жылуу, чын жүрөктөн мамиле жасап жатканын сездим. Күтпүлбөгөн жерден досторду таптым.

— Кыргыз ашканасы кандай экен? Сизге көбүнчө эмнеси жакты?

— Тамагыңар абдан тоюмдуу жана даамдуу экен. Мага баарынан плов жакты. Бирок, билесизби, тамактын өзүнөн да даамдуу, аны бөлүшкөн адамдардын меймандостугу болду. Сиздердин ашкана – бул жөн эле тамак эмес, баарлашуу, салт, байланыш экен.

— Кайсы мамлекеттерге бардыңыз эле? Кыргызстан менен салыштырмалуу кандай айырмачылыктарды байкадыңыз?

— Мен Таиланд, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Сингапур, Филиппин, Бутан, Индия, Грузия, Казакстан, Өзбекстанда болдум. Ар бир өлкө өзүнүн таасирлерин калтырды. Бирок тоолор жана жаратылыш жөнүндө айтсак, менин жүрөгүмө эң жакындары Бутан, Кыргызстан жана Грузия.

— Сапарыңыз канча убакытка созулду?

— Бул жолу мен болгону 10 күн болдум. Албетте, бул абдан аз. Кыргызстанды мынчалык кыска убакытта таанып-билүүгө мүмкүн эмес. Бирок мен сөзсүз кайтып келем жана узак мөөнөткө. Караколду кайра көргүм келет, анткени ошол жерге жанымдын бир үзүмү калды.

— Кыргызстанга келүүдөн баш тартып жаткан башка туристтерге эмне дейт элеңиз?

— Мен айтаар элем: күмөн санабагыла! Кыргызстан тоолорду гана эмес, жан дүйнөңдү ачкан адамдарды да жолуктура турган өлкө. Бул жерде жаратылыш шыктандырат, тамак-аш жагат, ал эми адамдар саякатыңызды реалдуу кылат.