Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Каракол токой чарбасында жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 42 түп тянь-шань карагайы мыйзамсыз кыйылганын аныктады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын көлөмү 83 миң 262 сомду түзүп, мыйзамсыз ташылып кеткен жыгачтын жалпы көлөмү 18,02 куб метрге жеткен.
Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгында туристтик-рекреациялык багытта иш алып барган ижарачылардын келишимдик талаптарды аткарбаганы үчүн тогуз административдик протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, токойду коргоо боюнча талаптарды бузган Каракол токой чарбасынын үч кызматкерине 62 миң сом айып салынды.
Учурда чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.