Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Аймак Загрузка... 03 Март 2025 16:22
1.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 3-марттан 5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана катуу шамалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү жана көчкү куймалары пайда болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМ алыс жолдо жүрүүдө эрежелерди туура сактоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелишине жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат.