Каракол-Эңилчек унаа жолунда бир тараптуу каттам берилди

Аймак 1611 03 Март 2025 16:55
481246403_948771310764949_9090267092846909173_n.jpg
481340451_948771314098282_7194190847093313115_n.jpg
Алдыга
Артка
481246403_948771310764949_9090267092846909173_n.jpg
481340451_948771314098282_7194190847093313115_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолуна Чоң-Ашуу ашуусунда түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 15 000 м3 түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:00дор чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.