Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Кырсык Загрузка... 10 Декабрь 2025 10:30
1123828.d2a20bed53198701ab6d243fa4ea7ab3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бүгүн Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кар көчкү унаа жолдун болжол менен 82-чакырымында 3 жерден түшкөн. Учурда көлөмү такталууда.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №11 Жол тейлөө ишканасынан 2 кызматкер, 2 бульдозер тартылды.

Кошумча маалымат берилет.