Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрелден 24-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертип, зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунуштайт.