Каракол – Эңилчек унаа жолуна 3 жерден кар көчкү түштү

Кырсык 21 Декабрь 2025 15:52
604508366_17932984785135256_8072442643409204795_n.jpg
603707461_17932984794135256_930915346872089256_n.jpg
603992744_17932984818135256_175028289315881515_n.jpg
604052420_17932984803135256_7450191937250250416_n.jpg
604058027_17932984821135256_4742942615900150325_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 21.12.25 /Кабар/. Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун 82-85-чакырымдагы Чоң-Ашуу ашуусунун 3 жерине болжол менен жалпы көлөмү 10 983 метр куб кар көчкү түшкөн.

Учурда жеринде №11 ЖТИден 2 бульдозер тартылып, тазалоо жана кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.

Жогоруда аталган унаа жолу Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2025-жылдын 19-декабрындагы тескемесинин негизинде 2025-жылдын 19-декабрынан 22-декабрына чейин убактылуу жабылган.