Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кубаттуулугу 1 МВт түзгөн “Кара-Жыгач” ГЭСи ишке кирсе, биринчи этапта 200 түтүндү электр энергиясы менен камсыздайт. Мындай маалыматты “Кабар” маалымат агенттигине аталган ГЭСти куруп жаткан “Бризз” ЖЧК курулуш-монтаждоо уюмунун жетекчиси Мамбет Осокеев билдирди.
Анын айтымында, дагы бир жылдан кийин экинчи этапта кубаттуулук жогорулатылып, 500 түтүндү электр менен камсыздоого мүмкүнчүлүк бар.
“Учурда долбоорду экспертизалоо иштери аяктап калды. Суу алуучу түтүктөр, ирригациялык каналдар курулуп, деривациялык иштер бүткөрүлгөн. Кытайдан кийинки иштерге керектүү жабдыктар сатып алынып, бөлүк-бөлүк болуп азыр жолдо келе жатат. Жабдыктар толук келгенден кийин куруу иштерин июнь айында баштоону пландап жатабыз. Алгач ГЭСтин имаратын куруу иштери башталат. Буйруса август айынын аягына чейин курулуш иштерин аяктап, ГЭСти ишке беребиз”, - дейт Осокеев.
Чакан ГЭСтер ишке кирсе, ири ГЭСтердин ишине чоң көмөк болуп, калкты кошумча электр энергиясы менен камсыздоого жеңилдик болоорун адис кошумчалады.

“Ар бир үйгө электр энергиясын колдонууга 5 киловаттык чектөө коюлган. Ошондо 5 киловаттан болгондо биз биринчи этапта болжол менен 200 түтүндү электр энергиясы менен камсыздай алабыз. Ал эми экинчи этапта дагы бир жылдын ичинде 500 түтүндү камтыганга мүмкүнчүлүк болот. Мындай чакан ГЭСтердин ишке кирүүсү ири ГЭСтерге чоң жардам болуп, калкты кошумча электр энергиясы менен камсыздайт. Аз болсо да, жеңилдик болот”, - деди ал.
Ошондой эле мамлекет тарабынан жеке ишкерлерди колдоо максатында төмөнкү үстөк пайызда насыя каралгандыгына карабай, “Кара-Жыгач” ГЭСин куруучу компаниянын жетекчиси учурда жеңилдетилген насыя ала албай жатышкандыгын маалымдады.

“Бир гана каржылоо багытында тактап айтсак, насыя алууда айрым маселелер жаралып, ГЭСти өз каражатыбыздын эсебинен гана куруудабыз. Банктар стартап-долбоор дешип насыяны жогорку пайызда беребиз деп жатышат. Кымбат пайыз менен алсак качан төлөп бүтөбүз? Стартап-долбоор катары жеңилдетилген 6-8 пайыз менен насыяларды коммерциялык банкттардан ала албай жатабыз. Өкмөт бөлгөнү менен банктар бергиси келбейт. Учурда өз каражатыбызга ишенип иш жүргүзүп жатабыз”,- деди Мамбет Осокеев.
Белгилей кетсек, быйыл өлкө аймагында ишке берилүүчү 18 чакан ГЭСтин бири Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан Бууракан суусуна салынып жаткан “Кара-Жыгач” ГЭСи. Кубаттуулугу 1 МВт түзгөн бул ГЭСти Эгемендүүлүк майрамына карата үстүбүздөгү жылдын 31-августтунда ишке берүү мерчемделүүдө. Ошондой эле август айынын аягында аталган облустун Аксы районунда курулуп жаткан Авлетим ГЭСи да ишке берилери маалым.