100гө жакын адамга энергетикалык объектилер боюнча экскурсия уюштурулду

Коом 18 Апрель 2025 10:00
492060951_666063866018592_8632745708135826443_n.jpg
490955272_666064516018527_6572496258758985930_n.jpg
490970333_666063659351946_282432587361566434_n.jpg
491035107_666063806018598_3560137574506707041_n.jpg
491047840_666064276018551_7840390271653514528_n.jpg
491091035_666064069351905_4348771866445866542_n.jpg
491119187_666063942685251_786320725996681901_n.jpg
491214589_666064216018557_6368851201690993564_n.jpg
491381145_666063646018614_7546193832403514731_n.jpg
491394723_666064486018530_7435963023465483023_n (1).jpg
491455593_666064232685222_3868924653974969315_n.jpg
491518798_666064132685232_7198459791485314604_n.jpg
491734930_666064102685235_7985415141076911072_n.jpg
491829888_666063902685255_2726831312659586953_n.jpg
491830075_666064576018521_3635494855004913273_n.jpg
491830656_666064279351884_4522370096610579122_n.jpg
491880848_666064266018552_4675575984662235453_n.jpg
491932150_666064022685243_5905621667320624870_n.jpg
491991215_666064469351865_8932578113227066065_n.jpg
491998650_666064042685241_2153025781228799614_n.jpg
492003205_666063812685264_3552669819483897150_n.jpg
492006804_666064589351853_1857497471373043055_n.jpg
492142466_666064242685221_9002630259352115179_n.jpg
492196048_666063709351941_2196592053422030736_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Энергетика министрлиги 16-апрелде энергетикалык объекттерге кезектеги акысыз экскурсияны уюштурду.

Ведомстводон маалымдашкандай, экинчи ирет уюштурулуп жаткан бул экскурсияга 100гө жакын адам катышты. Алардын арасында журналисттер, жарандык активисттер, блогер жана энергетика тармагында окуган студенттер болду.

Эске салсак, 2025-жылдын январь айында биринчи экскурсия уюштурулган. Анда жарандар Токтогул жана Камбар-Ата-1, Камба-Ата-2 ГЭСтеринде аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн көрө алган.

Экскурсиянын жүрүшүндө министр Таалайбек Ибраев жана тийиштүү жетекчилер Энергетика министрлиги коомчулук үчүн ар дайым ачык экенин билдирип, журналисттерди жана катышуучуларды кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Алгач экскурсиянын катышуучулары Чүйдөгү “Кемин” көмөк чордонуна барып, аны өз көзү менен көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Андан соң алар Орто-Токой суу сактагычында салынып жаткан Орто-Токой ГЭСине барышты. Ал жактан суу өтө турган тоннелдин, жумушчулар шаарчасынын, жолдун курулушу жана башка иштер көрсөтүлдү. Бул ГЭСти курууга болжол менен 34,8 млн доллар сарпталат. Аталган долбоорду Кыргызстандын "Чакан ГЭС" ишканасы менен Кытайдын China National Machinery Corporation компаниясы жүзөгө ашырууда.
Курулуш иштерине 130 адам тартылган.

Гидроэлектрстанциянын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВт болот. Анда жылына 75 млн кВт/саат электр энергия өндүрүлүп турат. Ал 14 миңден ашуун абонентти электр энергия менен камсыздоого жетет. Орто-Токой ГЭСин 2026-жылдын биринчи жарымында ишке берүү пландалууда.

Сапарды улай экскурсиянын катышуучулары Ат-Башы ГЭСине барды. 1970-жылдары салынган бул ГЭС Нарын облусунун 25%ын электр энергия менен камсыз кылат. Бир нече жыл мурда ГЭС баскыч-баскыч менен жаңылана баштап, 4 агрегаты алмаштырылган. Ошондой эле башкаруу, коопсуздук жана муздатуу системалары жаңыланган. 2024-жылы Ат-Башы ГЭСинде 204 млн кВт/саат электр энергия өндүрүлгөн.

Соңунда экскурсияга келгендер Куланак ГЭСинин курулушу менен таанышууга барды. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВТ болот. Жылына 435 млн кВт/саат электр энергия чыгарат.
Бул долбоордун баасы дээрдик 128 млн долларды түзөт. Анын 88 млн долларын Евразиялык өнүктүрүү банкы жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлүүдө. Куланак ГЭСи 2026-жылдын аягында ишке киргизилет.