Кара-Сууда көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Аймак 29 Июль 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-07-29 at 10.57.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 10.57.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 10.57.15.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-29 at 10.57.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 10.57.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 10.57.15.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда көп балалуу 90 энеге "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" медалдары тапшырылды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысынын орун басары Мирлан Орозбаев менен Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев 49 энеге “Баатыр эне” ордени, ал эми 41 энеге “Эне даңкы” медалын тапшырды.

Бул сыйлыктар – энелердин үй-бүлөнү бекемдөөдө, жаш муунду тарбиялоодо жана өлкөнүн келечегине кошкон баа жеткис салымына көрсөтүлгөн жогорку мамлекеттик баа экендиги белгиленди.