Кара-Сууда фермерлер үчүн борбор ачылды – сүрөт

Аймак Загрузка... 15 Декабрь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Түштүк аймактын дыйкан-фермерлери үчүн Кара-Суу районунун Большевик айылында министрликтин аймактык өкүлчүлүгү жана “Фермерлерди тейлөө борбору” ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, эми дыйкан-фермерлерге мамлекеттик кызматтар жеринде көрсөтүлүп, агрардык маселелер “Бир терезе” принциби аркылуу ыкчам чечилет. Анын натыйжасында дыйкан-фермер убакыт үнөмдөп, чыгымын азайтып, тез кызмат ала алат.

Жаңы имаратта министрликтин бардык ведомстволук түзүмдөрүнүн кызматкерлери иштейт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - министр Бакыт Төрөбаев түштүк өкүлчүлүк жана “Фермерлерди тейлөө борбору” аркылуу дыйкан-фермерлер агротехнология, суу пайдалануу, кайра иштетүү, субсидиялар, программалар жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча бир жерден кеңеш алып, чечим таба алышарын белгиледи.