Кара-Сууда эхинококкоз оорусун алдын алууга башытталган иш-чара өттү

Аймак 975 11 Февраль 2025 14:39
WhatsApp Image 2025-02-11 at 13.41.36 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-11 at 13.41.36.jpeg
478001222_653519530440807_455589429304507823_n.jpg
477591550_653519603774133_3875743386776291895_n.jpg
476559004_653519550440805_5210871693506887901_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-11 at 13.41.36 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-11 at 13.41.36.jpeg
478001222_653519530440807_455589429304507823_n.jpg
477591550_653519603774133_3875743386776291895_n.jpg
476559004_653519550440805_5210871693506887901_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Кара-Суу районунда эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында "Медициналык дарыгер адамды дарылайт, ветеринардык дарыгер - адамзатты дарылайт" аталышындагы форум өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы райондук ветеринардык башкармалык менен биргеликте уюштурду.

Иш-чарага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар жана башка тиешелүү тараптар катышты. 

Иш-чаранын максаты райондун аймагында эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу болуп саналат.

Форумда төмөндөгүдөй маселелер талкууланды:

  • эхинококкозго каршы күрөшүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги;
  • эхинококкозго каршы күрөшүүдө илимий жана практикалык чечимдер;
  • өлкөдөгү эхинококкоз оорусунун абалы;
  • элдин саламаттыгын эхинококкоз оорусунан сактоо жана коргоо;
  • эхинококкоз боюнча эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу;
  • адамдардын жана жаныбарлардын эхинококкоз оорусуна мониторинг жүргүзүү;
  • эхинококкоз оорусу тууралуу маалымат (маалыматтык системалар);
  • климаттын өзгөрүү шарттарына ылайык ооруну изилдөө;
  • эхинококкоз менен күрөшүү жана алдын алуу чаралары.