Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу ири завод ачылды

2287 13 Апрель 2025 09:00
FB_IMG_1744513142999.jpg
FB_IMG_1744513149989.jpg
FB_IMG_1744513147559.jpg
FB_IMG_1744513145127.jpg
FB_IMG_1744513140476.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1744513142999.jpg
FB_IMG_1744513149989.jpg
FB_IMG_1744513147559.jpg
FB_IMG_1744513145127.jpg
FB_IMG_1744513140476.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 13.04.25. /Кабар/. Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу ири завод ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылышына министр Абсаттар Сыргабаев катышты.

“Вега Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган бул өндүрүш комплекси үч негизги багытта иш алып барат. Завод күнүнө 2 миң тонна асфальт өндүрүү кубаттуулугуна ээ.

Мындан тышкары, таш майдалоочу завод саатына 550 тонна курулуш ташын майдалоого жөндөмдүү. Ал эми бордюр жана лоток чыгаруучу линиясы суткасына 4 миң даанага чейин бетон чыгара алат.

Белгилей кетсек, заводдун ишке кириши менен жалпы жонунан 60 туруктуу жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калк кошумча иш менен камсыз болот.