Кара-Сууда 400 миң калкка заманбап медициналык кызмат көрсөтүлүүдө

Ден соолук 502 22 Июнь 2026 15:40
1.jpg
725860770_27095910236748136_954582941296336635_n.jpg
726350063_1634216704320141_492219441059953667_n.jpg
726525533_2311189896380704_5890990684405942773_n.jpg
726660077_1548028066737160_6141440857512521411_n.jpg
726900662_1720187532634308_2095361811537948368_n.jpg
727519298_982624344626964_2399840619150654733_n.jpg
727519673_985240454433234_583826843667412032_n.jpg
727788199_2046038439364495_584252833435071537_n.jpg
727845592_1540424850809645_5642660511027798270_n.jpg
728175458_2095982758001411_6890357017495067111_n.jpg
728533464_1012375687985854_3350348098670870506_n.jpg
728704515_998704329606458_1827088155123961424_n.jpg
728882848_1674318197161935_4851077521784610439_n.jpg
729186453_2087403885206312_1389424455281490936_n.jpg
729375661_1010833084658469_2343443185503393867_n.jpg
730313561_1604415370654253_2118816821511170135_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) материалдык-техникалык базасын жана кадрдык потенциалын чыңдоону ийгиликтүү улантууда. Бул тууралуу мекеменин директору Рустам Козубаев билдиргенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө борбор өлкөдөгү эң ири райондордун бири болгон Кара-Суунун 400 миңден ашуун калкына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп келет. Борбордун түзүмүнө 25 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 65 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) кирет. Мекемеде жалпысынан 1100гө жакын медициналык кызматкер эмгектенет.

"Айлык акынын жогорулашы кадрдык кырдаалды кыйла жакшыртты. Учурда орто медициналык кызматкерлер менен камсыздоо маселеси толук чечилди. Биз эми райондун айрым алыскы калктуу конуштарына дарыгерлерди тартуу боюнча иштерди улантып жатабыз", - деди Козубаев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында президенттин катышуусунда борбордун жаңы, заманбап имараты пайдаланууга берилген. Учурда мекеме компьютердик томограф, фиброскан, эндоскопиялык жабдуулар жана УДИ сыяктуу заманбап диагностикалык аппараттар менен камсыздалган.

Өзгөчө белгилей кетсек, калк үчүн жогорку технологиялуу кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында, борбордо компьютердик томографиянын (КТ) баасы бекитилген тарифке ылайык 678 сомду түзөт.

Кара-Суу райондук ҮМБ мындан ары да ооруларды эрте аныктоо жана көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу багытында иш алып бармакчы.