Кара-Кулжа районунда мектеп окуучуларына өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 1436 04 Март 2025 15:01
481255791_1039245601581499_5073525516674164834_n.jpg
481231147_1039245528248173_556295828122202128_n.jpg
481900413_1039245651581494_4758050647294239256_n.jpg
Алдыга
Артка
481255791_1039245601581499_5073525516674164834_n.jpg
481231147_1039245528248173_556295828122202128_n.jpg
481900413_1039245651581494_4758050647294239256_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык аймагындагы А.Юсупов атындагы орто мектебинде өрттүк-тактикалык окуу өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында мектептин 12 мугалими жана 274 окуучусу өрт өчүрүүчү автоунаанын жабдуулары менен таанышып, өрт өчүрүү иштери боюнча практикалык көрсөткүчтөргө күбө болушту.

"Бул окуу билим берүү мекемелериндеги коопсуздук маданиятын жогорулатууга жана өрттүн алдын алуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.