Кара-Көлдө өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

Кырсык Загрузка... 19 Январь 2026 13:42
2239222_I4MKFX9.d27.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Кара-Көл шаарындагы суу сактагычтын кампасында чыккан өрттөн эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Ак-Кыя-1 көчөсүндө жайгашкан суу сактагычтын кампасынын күзөт бөлмөсүнөн өрт чыккан.

Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин, саат 09:46да шаардык №94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Тилсиз жоо саат 10:09да толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болгон, учурда анын өздүгү такталууда. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат.