Кара-Көл шаарынын билим берүү тармагында кандай көйгөйлөр бар?

Билим Загрузка... 29 Октябрь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Өлкөдө мектептердин жетишсиздиги орчундуу маселелердин бири бойдон калууда. Себеби, ар бир мамлекеттин келечеги билимдүү жаштарга байланыштуу. Аларга сапаттуу билим берүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү - өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Акыркы жылдары мектептердин саны көбөйүп жаткан менен, бул көйгөй толугу менен чечиле элек. Айрым шаарларда жана аймактарда окуучулардын саны мектептин сыйымдуулугунан 2-3 эсе ашып кеткен учурлар бар. Өзгөчө ири шаарларда, окуучулардын көптүгүнөн улам, мектептерде окуучулар үч нөөмөт менен окуп жатышат.

мектеп.jpg

Бул маселени чечүү үчүн өлкө башчысы жана тийиштүү министрликтер жигердүү иш алып барып жатышат. Ошентсе да шаар жана айыл тургундары да мектептердин жетишсиздиги маселесин көтөрүп, жаңы мектептердин курулушу боюнча суроо-талаптарын билдирип келишет.

мектеп 2.jpg

Мындай көрүнүш президенттин күн мурун Кара-Көл шаарына болгон иш сапары учурунда да орун алды. Жергиликтүү тургундар өлкө башчысы менен жолугушуу маалында өздөрүнүн көйгөйлөрүн ортого салып, алардын бир катары мектепке кошумча имарат куруу зарылдыгын белгилешти. Калаа тургундарынын биринин айтымында, Кара-Көл шаарында эки мектеп бар, анын биринде окуучулардын саны көп. Окуучулар батпай бир класста 48 окуучу билим алууда. “Аталган мектеп Жалал-Абад облусуна белгилүү, күчтүү мектептердин бири. Окуучулардын саны күн санап өсүп, алар батпай жатышат. Ошол мектепке кошумча имарат куруп берсеңиздер жакшы болмок. Мен бул маселени үч курултайдан бери көтөрүлүп келе жатам”,-деген ал.

Ал эми президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев белгилегендей, бул мектептен сырткары, калаада дагы бир мектеп бар. Бирок, жогоруда айтылган мектеп, беделдүү жана алдыңкы мектеп болгондуктан, окуучулардын баары ушул мектепке барып билим алышат. “Муну менен катар бул мектепте мугалимдер да күчтүү болгондуктан, ата-энелердин баары балдарын ушул мектепке беришет. Мындан улам, бул мектепке кошумча имарат куруу зарылчылдыгы келип чыкты”,-деп белгилеген ал.

мектеп 3.jpg

Өз кезегинде өлкө башчысы Садыр Жапаров мындай көрүнүш туура эместигин белгилеп, беделдүү деп эсептелген мектептердин мугалимдерин башка мектептерге да бөлүштүрүү зарылдыгын айтты.

“Эгер бир калаада эки мектеп болсо, алардын биринде орун тартыш болуп, экинчиси бош туруп калса, анда эмне үчүн кошумча имарат курушубуз керек? Тескерисинче, бош турган мектептин аброюн көтөрүп, өнүктүрүү зарыл. Бул - жергиликтүү бийликтин түздөн-түз иши. Мындай учурлар буга чейин да көп болуп келген. Бул көрүнүштү токтотуш керек. Мугалим жетишпейби, башка жактардан тартып келгиле. Азыр мугалимдердин айлыктары көбөйгөн. Дагы да көбөйтөбүз”, - дейт президент.

мектеп 5.jpg

Бул боюнча “Кабар” маалымат агенттиги Кара-Көл шаарынан мэри Нуртилек Орозбаевдин оюн угуп көрдү.

“Мугалимдер маселесине токтолсок, чындыгында кадрлар жетишсиз. Бирок сырттан мугалимдерди алып келүү кыйын, анткени Кара-Көл шаарында турак жай маселеси бар. Эгер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак үйлөр курулса, анда башка аймактардан да мугалимдерди тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кара-Көл шаары өлкөбүздүн борборунан 5 саат, ал эми Жалал-Абад шаарынан 4 саат алыстыкта жайгашкан. Ошондуктан бул жакка келип иштөө көпчүлүк үчүн оңой эмес.

Мындан улам мугалимдердин бир мектептен экинчи мектепке барып иштөөсү кыйынга турат. Окуучуларды мектепке жеткирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен атайын транспорт сатып алынган. Окуучулар ошол транспорт менен мектепке барып келишет. Ошондой эле бул эки мектептен тышкары шаарда дагы бир мектеп бар. Ал 380 орундуу жана анда да жетиштүү санда окуучу билим алат”, - деди ал.

мектеп 4.jpg

Ал эми Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлназира Кыргызбай кызынын айтымында, Кара-Көл шаарында жалпы 6 орто мектеп иш алып барат:

  1. Токтогул атындагы №1 мектеп – 850 орунга ылайыкталган, учурда 1 миң 669 окуучу (эки нөөмөттө).
  2. Ч. Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык мектеби – 640 орунга ылайыкталган, учурда 972 окуучу (эки нөөмөттө).
  3. Фрунзе атындагы №3 мектеп – 720 орунга ылайыкталган, учурда 1880 окуучу ( эки нөөмөттө).
  4. Шопоков атындагы №4 мектеп – 635 орунга ылайыкталган, учурда 649 окуучу (эки нөөмөттө).
  5. Хуриев атындагы №5 мектеп – 320 орунга ылайыкталган, учурда 313 окуучу (бир нөөмөттө).
  6. Темиров Туралы атындагы №6 мектеп – 150 орунга ылайыкталган, учурда 228 окуучу (эки нөөмөттө).

Фрунзе атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебине жакын мектептер боюнча карасак.

- 1 чакырым аралыкта Токтогул атындагы №1 мектеп жайгашкан. Бул мектепте 1 миң 669 окуучу билим алат.

- 2 чакырым аралыкта Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектеп бар. Мында 972 окуучу билим алат.

- 3-4 чакырым аралыкта Шопоков атындагы №4 жалпы орто билим берүү мектеби жайгашкан. Бул мектепте 649 окуучу билим алат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарына ипотекалык турак жай куруу тапшырмасын берди.