Кара-Кече кенинде 500 унаага ылайыкталган жаңы аянтча түзүлдү

Аймак Загрузка... 06 Ноябрь 2025 10:55
photo_1_2025-11-05_19-25-45.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Кара-Кечеде 12 гектар жерге айдоочуларга кенен аянтча түзүлдү. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, атайын бөлүнгөн жерге 500 унаага чейин токтосо болот.

“Кара-Кече кенине чейин 4-5 чакырымдай жетпей 400-500 унаа үчүн ылайыкталган аянтча жасалды. Бул үчүн 12,5 жарым гектар жерди бөлдүрүп алдык. 30дан ашык вагонго электр энергиясын, сууну тартып, бардык шарттарды түзүп жатабыз”, - деди ал.