Ипотека: Кара-Балтада турак жай комплекси курула баштады

Коом Загрузка... 22 Февраль 2025 16:56
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кутманбек Маматазимов
Маматазимов Кутманбек

Маматазимов Кутманбек

Бардык материалдар

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. 21-февралда Кара-Балта шаарында жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушуна капсула коюу аземи өттү.

Бул маанилүү иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

60 блоктон турган турак жай комплексинде 4420 батир каралган. Ошондой эле комплекстин аймагында 80 коммерциялык жай болору пландалууда.

  • • 750 орундуу эки мектеп (2 нөөмөттүү);
  • • 280 орундуу эки бала бакча;
  • • балдар аянтчалары;
  • • эс алуу зоналары;
  • • 2 064 орундуу жер астындагы унаа токтотуучу жай;
  • • өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору курулат.

Бул долбоор шаарды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөт.