Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Кара-Балта шаарында Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледжинин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк комплекстерин аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жалпы пайдалуу аянты 837,6 чарчы метр, жанаша аймагы 0,45 га болгон Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледжинин үч кабаттуу имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө №10 Макаренко атындагы мектеп-лицейинин жатаканасынын имараты жана ага жакын жер тилкеси Жайыл районунун башчысынын токтомунун негизинде С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган. 2018-жылы жогоруда аталган токтомдун негизинде аталган жер тилкесине мамлекеттик жеке менчик актысы берилген.
2021-жылы бул участок кыймылсыз мүлктү коммерциялык эмес уюмга акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледждин менчигине мыйзамсыз берилген.
Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.