Капуста жүрөк ооруларынын алдын алат – изилдөө

Ден соолук Загрузка... 03 Март 2026 12:00
owl_detail_620_5434.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Брокколи, капустанын түрлөрү жана руккола сыяктуу кайчы гүлдүүлөр тукумуна кирген азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга өбөлгө түзөт. Бул өсүмдүктөрдүн химиялык курамын жана биологиялык касиеттерин талдап чыккан изилдөөнүн автору ушундай тыянакка келген. Илимий иштин корутундусу Nutrients журналына жарыяланганын Лента.ру кабарлады.

Изилдөөдөгү глюкозинолат жана полифенол сыяктуу биоактивдүү заттар сезгенүүнү жана холестеринди азайтып, кан тамырлардын иштешин жакшырта турганы аныкталган. Ошондой эле алар атеросклероздун алдын алууга жардам берет.

Изилдөөдө жашылчаларды бышыруу ыкмасынын таасири да каралган. Кайнатуу, бууга бышыруу же ачытуу пайдалуу заттардын курамын жана алардын организмге сиңүүсүн өзгөртөт. Мисалы, ачытуу (ферментация) айрым кошулмалардын көбөйүшүнө, ал эми кээ бирлеринин азайышына алып келет.

Ошол эле учурда автор далилдердин көбү лабораториялык шартта алынганын, ал эми ири клиникалык изилдөөлөр азырынча аз экенин белгилейт. Ошондуктан, кайчы гүлдүү жашылчалар жүрөктү коргоочу потенциалы бар рациондун келечектүү компоненти катары каралат. Бирок алардын жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуудагы ролун тактоо үчүн кошумча клиникалык изилдөөлөр зарыл.

Буга чейин окумуштуулар кызылча ширеси карылыктын дени сак өтүшүнө өбөлгө түзөрүн аныкташкан.