Канттын деңгээлин көзөмөлдөө – кант диабетин алдын алат

Ден соолук Загрузка... 22 Июль 2025 11:15
Blood_Sugar_Test.jp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарды кандагы жана заарадагы глюкозанын (канттын) деңгээлин өз убагында текшерип турууга чакырат, бул диабетти жана кант диабетин алгачкы этапта аныктоого жардам берет.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында Кыргызстандын бардык жарандары, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандар үчүн кандын сывороткасындагы жана заарадагы глюкозаны текшерүү акысыз жүргүзүлөт.

Кандагы кантты 2-типтеги кант диабетинин симптомдору пайда болгонго чейин аныктоо жана эрте табуу үчүн негизги скрининг (текшерүү) ыкмасы болуп саналат.

Заарадагы глюкоза анализи – кошумча изилдөө ыкмасы болуп эсептелет. Ченеми боюнча заарада глюкоза жок. Анын пайда болушу бөйрөктүн глюкоза өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып кеткендигин көрсөтүп турат жана кандагы канттын деңгээли бир аз жогору болгондо гана жашыруун диабеттин белгилеринин бири болушу мүмкүн.

Дарыгерлер кимдерге текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышат?

  • 40 жаштан ашкан адамдарга;
  • Салмагы ашык же семирип кеткен бейтаптарга;
  • Кант диабетине тукум куучулук менен ооруган адамдарга;
  • Гестоз диабети менен ооруган 4 кг ашык бала төрөгөн аялдарга;
  • Артериалдык гипертензия (басым), өнөкөт боор жана бөйрөк оорулары менен ооругандарга.

Кантип текшерүүдөн өтсө болот?

  1. ҮМБнын (Үй-бүлөлүк медициналык борбору) үй-бүлөлүк дарыгерине же ЖДПБга (Жалпы дарыгердик практика борбору) катталыш керек.
  2. Дарыгердин консультациясынан өтүү.
  3. Лабораториялык анализдерге жолдомо алуу.
  4. Мамлекеттик лабоораторияларга акысыз анализ тапшыруу.

Дагы суроолор барбы? ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз, чалуулар – акысыз.