Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында калктын саламаттыгына зыяндуу азыктарга акциздик жөнгө салууну өркүндөтүү демилгеси талкууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жолугушууга мамлекеттик органдардын, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), ЮНИСЕФтин жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.
Учурда канттуу суусундуктардын 1 литрине 3 сом өлчөмүндө бирдей акциз колдонулат. Саламаттык сактоо министрлиги канттын өлчөмүнө жараша дифференциацияланган системаны сунуштады:
Суусундуктар үчүн (1 литрине):
- 100 млде 5 граммга чейин кант болсо — 5 сом;
- 100 млде 5–8 грамм кант болсо — 7 сом;
- 100 млде 8–11 грамм кант болсо — 9 сом;
- 100 млде 11 граммдан жогору кант болсо — 11 сом;
- Энергетикалык суусундуктарга — 20 сом.
Туздалган азыктар (чипсы, сухарик жана башка) үчүн (100 граммына):
- 100 граммда 1,2 граммга чейин туз болсо — 0 сом;
- 100 граммда 2,5 граммдан жогору туз болсо — 20 сомго чейин.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркиновдун айтымында, өлкөдө туура эмес тамактануу олуттуу көйгөйгө айланды.
"Атап айтканда, балдардын 9 пайызы ашыкча салмактан жабыркайт, 6–23 айлык балдардын 78 пайызы канттуу суусундуктарды ичишет. Ошондой эле өлкөдө 84 миңден ашык кант диабети менен ооругандар катталган жана гемодиализге мамлекеттик чыгымдар жылына 2 млрд сомдон ашат", — деди ал.
Белгиленгендей, акцизден түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке түшөт жана саламаттык сактоо тармагындагы максаттуу программаларды, оорулардын алдын алуу жана дарылоо долбоорлорун каржылоого багытталат.
ДССУ бул демилгени колдоп, мындай тажрыйба дүйнөнүн 116 өлкөсүндө ийгиликтүү колдонулуп жатканын белгиледи.