Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы Кант – Тоолуу Серафимовка унаа жолунун 10 чакырым бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ага жаңы асфальт төшөлөт.
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда объектте жер кыртышын түздөө, жолдун туурасын кеңейтүү, шагыл-кум аралашмасын төшөө жана тыгыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор аяктагандан кийин Алмалуу, Ичке-Суу, Тогуз-Булак жана Норус айылдарынын тургундары үчүн Кант шаарына жана башка калктуу конуштарга жетүү жеңилдеп, жол жүрүү убактысы болжол менен 30 мүнөткө чейин кыскарат.
Ошондой эле транспорттук байланыш жакшырып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.