Кант шаарында көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды

Аймак 14 Февраль 2025 14:43
480010475_1438303013805286_2924080263207616439_n.jpg
478508675_1438302760471978_2075573499943309940_n.jpg
480029662_1438303897138531_6574305565403438036_n.jpg
480062640_1438302707138650_9177857590713632392_n.jpg
480088809_1438302970471957_4898296875052685506_n.jpg
Алдыга
Артка
480010475_1438303013805286_2924080263207616439_n.jpg
478508675_1438302760471978_2075573499943309940_n.jpg
480029662_1438303897138531_6574305565403438036_n.jpg
480062640_1438302707138650_9177857590713632392_n.jpg
480088809_1438302970471957_4898296875052685506_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Каныбек Туманбаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы менен Кант шаарында жаңы заманбап көп батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, жаңы курулуш Кант шаарынын тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шарттарын түзүүдө чоң кадам болуп саналат.

Жалпысынан 72 блоктон турган 5 кабаттуу комплекс 2 160 батирден турат.
Жаңы комплекстин жалпы аянты 27,8 гектарды түзөт.

Комплексте жашоочулар үчүн төмөнкүдөй шарттар каралган:

1. 750 орундуу заманбап мектеп – балдардын билим алуусуна эң жакшы шарттарды түзүү үчүн заманбап мектеп курулат.

2. 280 орундуу бала бакча – балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу бала бакча, алардын өнүгүүсү үчүн шарт түзөт.

3. ТЖКнын өзүнүн отканасы – комплекстин өзүндө жылытуу системасы курулат, бул жашоочуларга ыңгайлуулукту жана энергияны үнөмдөөгө шарт түзөт.

4. Балдар үчүн оюн аянтчалары – балдардын ден соолугун жана кызыгуусун өнүктүрүүгө багытталган оюн аянтчалары менен камсыздалат.

5. 1 290 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай – бул автотранспортту пайдаланган жашоочулар үчүн өтө маанилүү.

6. Жашоочулар үчүн эс алуу зоналары – жашоочулардын эс алуусун жана коомдук чөйрөдө убакыт өткөрүшүн жакшыртуу үчүн атайын эс алуу зоналары уюштурулат.

7. Экологиялык таза электроэнергия үчүн күн панелдери – экологияга зыян келтирбестен энергияны үнөмдөөгө жардам берген күн панелдери орнотулат.

8. Суу бөлгүч кудук жана тазалоочу курулмалар – суу тазалоо жана бөлүштүрүү боюнча заманбап системалар курулат, бул суу сапатын жакшыртууга жана жашоочуларды туруктуу суу менен камсыздоо үчүн шарт түзөт.