Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Кант мэриясы Ак калпак күнүнө карата видеоролик даярдады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле калаа башчысы Улан Майлибашев шаардыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.
"Бүгүнкү майрам ар бирибизге мекенчилдикти, улуттук баалуулуктарды урматтоону эске салып, жаш муунга мураска калтыруунун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Биз маданиятыбызды, салт-санаабызды, өзгөчөлүгүбүздү даңазалоо менен, күчтүү жана биримдүү мамлекетти түптөй алабыз.
Урматтуу Кант шаарынын тургундары улуттук нарк-насилибизди сактап, аны кийинки муундарга өткөрүп берели! Ар бир үйдө бакубатчылык, ынтымак жана жакшылык болсун!
Калпак күнүңүздөр кут болсун!" - деп билдирди мэр өзүнүн куттуктоосунда.