Канатбек Маматов Бишкек мэриясынын Спорт департаментин жетектемей болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 25 Февраль 2026 11:55
1771998033_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын  мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Маматов Канатбек Ильясович Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору болуп дайындалды. Ал буга чейин департаменттин билим берүү, спорт, дене тарбия жана массалык иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Ал эми Алишеров Рустам Алишерович департаменттин директорунун орун басары болуп дайындалды. Ал мурда Бишкек шаарынын  мэриясынын Борбордук аппаратынын Уюштуруу - контролдоо  иштери боюнча башкармалыгынын чечимдердин аткарылышын контролдоо   бөлүмүнүн башкы инспектору болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.