Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарат

Кадрлар жана дайындоолор 10 март 2026 15:05
Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарат

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Чыныбаев Канатбек Койчубекович өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Чыныбаев Канатбек Койчубековичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.