Кырчын, 04.09.26. /Кабар/. Канадада жашаган этникалык кыргыз кызы, кесиби боюнча дарыгер Асел Билик VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчы катары катышууда.
Анын айтымында, Канададан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпы тогуз ыктыярчы келген. Алардын арасында бала кезинде Кыргызстандан чет өлкөгө чыгып кеткен жана кыргыз маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар да бар.
Асел көчмөн маданияты жана Кыргызстан тууралуу алган таасири менен ”Кабар” агенттигине бөлүштү.
”Менин таасиримди бир эле сөз менен айтсам — “вау”. Кыргызстан өзүнүн маданиятын жана каада-салтын кайра жандандыра баштагандай сезилет. Муну көрүү абдан жагымдуу. Узак убакыт бою көп нерсе көмүскөдө калып келгендей эле, азыр болсо адамдар өз маданиятын тартынбай көрсөтүп, даңазалап жатканы кубандырат”, — деди ал.
Аселдин айтымында, өткөн жылы өткөн курултайда Канададагы кыргыз ассоциациясынын өкүлү бала кезинде Кыргызстандан чет өлкөгө чыгып кеткен адамдардын мекенине келип, Кыргызстан менен жакындан таанышып, өлкөгө жардам көрсөтүүсүнө шарт түзүү демилгесин көтөргөн.
”Бизде бала кезинде Кыргызстандан чыгып кеткен балдар көп. Алардын көбү кыргыз маданияты кандай экенин, көчмөн болуу эмнени билдирерин дээрлик билишпейт. Ошондуктан Канададан тогуз адам тандалып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчы катары келдик”, — деди Асел.
Анын пикиринде, өзгөчө жана кайталангыс иш-чаралар ар дайым адамдардын көңүлүн бурат. Кыргыз маданияты да өзүнүн өзгөчөлүгү жана көп кырдуулугу менен айырмаланат.
Асел Кырчын жайлоосунда көптөгөн сүрөт жана видеолорду тартып, аларды Канададагы достору менен бөлүшүп жатканын билдирди.
”Досторум көрүп, абдан кызыгып жатышат. Алар Кыргызстанга келгениме суктанышат. Азыр аларга алып бара турган белектерди акырындык менен чогултуп жатам. Алар үчүн бул абдан өзгөчө жана кызыктуу болот деп ойлойм”, — деди ал.
Келечекте Асел Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып чыгуу ниети бар экенин кошумчалады.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген. Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.