Канада АКШдан импорттолгон унааларга жооп тарифин киргизүүдө

Дүйнө 1619 04 Апрель 2025 13:31
WhatsApp Image 2025-04-04 at 09.52.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-04 at 09.52.31.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-04 at 09.52.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-04 at 09.52.31.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Канаданын премьер-министри Марк Карни күн мурун АКШнын аракеттерине жооп катары Канада CUSMA келишиминде каралбаган бардык АКШдан импорттолуучу унааларга 25 пайыздык тариф киргизерин билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, бул чаралар Мексикага терс таасирин тийгизбейт.

“Дүйнөлүк экономика бүгүн кечээкиден түп-тамыры менен өзгөрөт. АКШ администрациясынын буга чейинки аракеттери Канадага түздөн-түз каршы чыкпаганы менен дүйнөлүк экономиканы кыйратып, анын өсүшүнө терс таасирин тийгизет.

Биздин АКШ менен тынымсыз тереңдеп бара жаткан интеграцияга негизделген мурунку мамилебиз аяктады. АКШнын глобалдык экономикалык лидерлигинин 80 жылдык мезгили аяктады", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин АКШ администрациясы өлкөдөн тышкары чыгарылган бардык унааларга 25% импорттук бажы төлөмүн киргизген.

“Биз 25% тарифти сөзсүз түрдө алабыз. Бирок унааларды АКШда чогултсаңар, тарифтер болбойт”, - деген АКШнын президенти Дональд Трамп.