Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысын түзүү боюнча онлайн кызматты ишке киргизди
Ведомстводон билдиришкендей, бул кызматтын жардамы менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысын салык органына барбай эле, cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинен онлайн түзүүгө болот.
Документ салык органынын жана салык төлөөчүнүн маалыматтары көрсөтүлгөн датага түзүлөт. Жөнөтүлгөндөн кийин Салык кызматынын инспектору маалыматтарды текшерип, анын тууралыгына жараша документке "Ырасталды" же "Четке кагылды" деген статусту ыйгарат.
Мындан сырткары, кызмат салык төлөөчүлөргө жөнөтүү алдында салыштыруу актысынын маалыматтарын өзгөртүүгө, иш жүргүзгөн айрым райондор боюнча салыштыруу актысын түзүүгө, ошондой эле тандалган жылдын башынан баштап аны түзүү үчүн каалаган датаны тандоого мүмкүндүк берет.
Бул актыда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине чегерилген жана келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары, пайыздар, туумдар, ошондой эле кайтарып берүүлөр жана чегерүүлөр жөнүндө маалымат камтылган.
Белгилей кетсек, буга чейин Салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинетинде салыктар боюнча өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысын түзүү боюнча ушундай эле онлайн кызматты киргизген.
Бул кызматтар салыктар боюнча да, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да салыштыруу процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жөнөкөйлөтүү үчүн киргизилген. Алар салык төлөөчүлөрдүн бардык категорияларына, анын ичинде жеке ишкерлерге жана ири компанияларга багытталган. Кызматтар салык жана камсыздандыруу милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүүгө жардам берет, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртат.