Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери үчүн Ачык эшик күнүн өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Ишкерлерди тейлөө борборунун иши, көргөзгөн кызматтары менен таанышышты, ошондой эле жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы демилгелер жана санариптик чечимдер жөнүндө маалымат алышты.
Студенттер үчүн Салык кызматынын эксперттери менен жолугушуу уюштурулуп, алар ведомствонун иши, өлкөнүн экономикасында мамлекеттик мекемелердин ролу, ошондой эле салык чөйрөсүндө практика өтүүнүн жана карьералык өсүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Студенттерге Салык кызматынын sti.gov.kg расмий сайтынын жана социалдык тармактарынын параметрлери көрсөтүлдү.
Экскурсияда студенттер Салык кызматынын ишинин чыныгы шарттары менен таанышышты. Тактап айтканда, мамлекеттик башкаруу жана салык салуу чөйрөсүн жакындан көрүү аларга бул сферадагы жумуштун келечегин түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
Студенттер уюштуруучуларга пайдалуу тажрыйба үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик өнүгүүсү үчүн мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн билдиришти.